Перейти к основному содержимому

Таза ойлор Так сөздөр

Реклама. ООО ЛИТРЕС, ИНН 7719571260, erid: 2VfnxyNkZrY
Страница 9 из 20

Менин айтайын дегеним “ойдун тазалыгы”, “сөздүн тазалыгы” жөнүндө, бул дагы ден соолуктун эң негизги – булагы, дененин жеген тамагы, өткөргөн нуру. Эмесе, ушул эки сөз жөнүндө кыскача түшүнүк бере кетейин.

–


[А] Аалам ден соолуктун толкунунда! Аалам өз жайында!

ОЙДУН ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ ЖӨНҮНДӨ


“Мен кандай ойлонсом, өзүмдү ошондой сезем, азыр дал ошондой жашоодо жашайм!”– бул чындык.

Ой күлүк. Ойсуз жашоо кыйын. Ар бир адам басса турса ой менен басып, ой менен сүйлөшүп, сезиминде сезип жашайт. “Ой” – ар бир адамдын күнүмдүк жашоо турмушундагы куралы. Аны турмушка ашырып, секунда сайын тамактандырып турган адам “сезими”, “сөздөрү”. Ойдун “оң” жана “терс” жагы бар. Жамандыгына алсаң ой менен учу кыйры түгөнгүс “терс” көрүнүшкө түшөсүң, жашооңду кыйынчылыкка учуратып, ден соолугуңду оорууга чалдыктырып, өмүрүңдү кыскарта аласың. өзүңдү, үй бүлөңдү, мамлекетиңди, бүткүл Ааламды дүрбөлөңгө саласың. Үй бүлөдөгү эле аба ырайын эмес жаратылыштын абасын бузууга чоң салымыңды кошосуң.

Ал эми, оюңду “оң” жагына бурсаң, “жоктун” каналынан “бардын” каналына автоматтык түрдө уланасың да “барды” жасап, кубанычыңды көбөйтүп, жыргал жашоо кура аласың. Өзүңдү өзүң жакшы сезе баштайсың. Ден соолугуң чыңдалып, үй– бүлөңдө бакыт, орноп, мамлекетиң өнүп өсөт, жыргал жашоонун пайдубалы түптөлүп, Ааламга кубанычтын сезимин жөнөтөсүң. Ал нерсе албетте, жаратылыштын төрт мезгилин өз калыбына келтирет. Сөз менен айтканда бул жомок сыяктуу. Бирок аны ишке ашырган адам кана бул нерсеге ишенет. Аны кантип жасоо, ал сенин турмуштук тажрыйбаңа, билимиңе жараша кана болот. Ал үчүн ишенүүң керек.

Эки вариантты тең тез эле жасоо оңойбу? Албетте жок. Бирок мүмкүнчүлүк бар.

Ар бир адам жашоодо өзүнө ыңгайлуу шартты кабыл алат жана түзөт.

Албетте, бир сөз менен айтуу жеңил, бирок, кеп аны аткарууда, ишке ашыра билгендигиңде. Ошон үчүн бул китеп аркылуу, аткаруунун үрөнүн кана себебиз. Ал эми, убакыт келгенде кандай үрөн сепкендигиңе өзүң күбө болосуң.

Жыйынтык качан болот?

Качан адам өзү менен өзү иштеп, өзүн өзү тарбиялап, өзүң каалаган “каналда”, нур толкунда ритимдүү, стабилдүү кармай алганда, өзүң жасаган ишиңе ишенгенде кана болот. Бул күнүмдүк жашоо. Ыраазылык менен кубанып жашоо. Ден соолукта жашоо. Өзүнө өзү кожоюн болуп, эмнени кааларын ачык, так, даана билип, өз эмгегине өзү ээ болуп, өзүн өзү сыйлап сүйө билгенде кана болот.

Андай деңгээлге жетүү үчүн эмне кылуу керек? Ал үчүн албетте, турмуштук тажрыйба, тажрыйба, тажрыйба керек! Кантип жашоону билүү керек.

Адам баласы бир “ойду”, бир канча узак убакытка кармап тура алабы? Аны “сезими менен сезип” дайыма ошол сезимди кармап тура алабы? Ар бир адам кубануу, сүйүү, бактылуулук сезимин Ааламга тынымсыз, “ар бир секундада” жөнөтө алабы?

Мисалы, жаман ойду ойлоп, сезим менен Ааламга заматта жөнөткөнгө көпчүлүк адам устабыз.

Жакшы ойду, жакшы сезимдичи? Сезимин контролдогон адам эсептелүү. А, сенчи? Эми ар бир адам өзүңдүн жашооңду байкап көр. Эмнелерди көп ойлоп, өзүңдү кандайча сезесиң? Эмнени өз денең менен нур аркылуу мейкиндикке, Алла Талаага жөнөтүп жатасың?

Ойдун “оң” тарабын же “терс” тарабын алуу – бул ар бир адам үчүн баалангыс турмуштук тажрыйба.

“Ойдун башаты” – ар бир адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндө, башкача айтканда “жанында”, “канында”” гениңде”, “ар бир клеткаңда” жана мейкиндиктеги “маалымат талааңда”(же Алла Талаада, кудайда).

Ар бир адам денеси өзүнүн “учур чактагы акыбалына, сезимине” жараша Ааламдагы “ой дүйнөнүн түркүн толкунуна” уланып, ой өзгөргөн сайын, тынымсыз өзгөрүп турат. Ошого жараша ата – энең, бир туугандарың, өмүрлүк жолдошуң, уул кыздарың, айылың, шаарың, мамлекетиң болот.

Ал эми көпчүлүк адам “ой – башта, мээде” деп түшүнөт.

Учурунда мен да ошондой деп ойлоочумун.

Убакыт өткөн сайын билим алуу менен “ойдун дүйнөсү” кайда экендигин, өзүмдү өзүм кечирүү, кечирим суроо, сүйүү, кабыл алуу менен түшүнө баштадым.

Страница 9 из 20

Обсуждение книги

Войдите, чтобы оставить комментарий.
Сообщение