Перейти к основному содержимому

Таза ойлор Так сөздөр

Реклама. ООО ЛИТРЕС, ИНН 7719571260, erid: 2VfnxyNkZrY
Страница 16 из 20

Бүгүнкү күндө канчага чыксаң, оорууну да ошончо жыл бапестеп бактың, эми аны менен коштошуу да акырындык менен болуусу керек. Коркуунун ордуна, ойдун оң жагын алуу керек. Бул сөздөр ойду оңдоого жардам берүүчү сөздөр. Ошон үчүн китептеги сөздөрдөн пайдаланууга болот. Эми, ден соолугу чың денени, мүчөнү элестет. Өзүңдүн сезимиң менен бекемде. Менин ден соолугум чың! – деп, өзүңдү өзүң күндө, ден соолугуң чың болгондой сез.

Күнүгө аз аздан жасап олтуруп, денени бош кармоого, ар кандай ооруулардан бошонууга үйрөнөбүз. “Көңүлдүн борбору “-ден соолукта болсун! Өзүңдүн ден соолукта баскан – турганыңды сез!”. Бул деген нерсе “өзүң менен өзүң иштеп, өзүңдү өзүң сүйүүгө үйрөнүү” болуп эсептелет. Сүйүүнүн нуру-жашоонун нуру. Жашоону сүй, ырахаттанып, ар бир көз ирмемде кубанып жаша!

Ойдун оңолушу – бул ден соолуктун оңолушу! Жашоонун өсүп өнүү нугуна бурулушу. Жаңы жашоону «куруу» болуп эсептелет.

Эми, жаман ойду жакшы ойго алмаштырып ойлоп көрчү, денеңде кандай өзгөрүү болот? Сезимиңде сез! Өзгөрткөндө энергиянын агымы жогорулайт, сезим жакшыра баштайт. Азыр ошол айырманы сезиш үчүн көнүгүү жасайбыз. Ар бирин айтып, дене менен сезип көргүлө. Кайсынысы жакты ошол ойду, сезимди көбөйтүп, эстеп калуу менен ден соолукту чыңдоого болот. Бул аң сезимди чектеген жакын ададмдардан, кошуналардан,элдин, мамлекеттин чектөөсүнө ишенеген ишенимдердин тоскоолдугу. Адам баласы ошол чектөөдөн чыга албай кыйналат. Бир убакта өзүң ошол нерсеге ишенип алгансың эми кайра өзүң ал ишенимден түшүнүү менен чыга аласың. Ишеним менен түшүнүү сенин жолуңду тосуучу дагы ачуучу дагы.Туура түшүнсөң өзүңө өзүң өтө чоң жардам бересиң.


Жаман ойлордун программасы – өчтү

Жакшы ойлордун программасы ишке кирди


1

Акчам жок, акчалуу болуш мага буйрубаган! Элде акча, мамлекетте акча жок. Мамлекет кедей – программасы өчтү

Менде дайыма акча бар! Элде дайыма акча бар! Менин мамлекетим өтө бай! – программасы ишке кирди


2

Ар жерим ооруйт – программасы өчтү

Мен ден соолукта төрөлгөм, себеби өзүмдү деним сак сеземин! Себеби денемдин өзүн өзү калыптандырып кетээрине ишенемин! Аалам менен Жердин ортосундагы байланышым калыптанды!– программасы ишке кирди


3

Карызым көп – программасы өчтү

Керектүү убакта, керектүү өлчөмдө мага да ага да ыңгайлуу шартта оңой төлөп жатамын! Мен кантип өз убагында алганды жана бергенди билемин! -программалары ишке кирди


4

Чындык жок – программасы өчтү

Мен өзүмө өзүм чынчылмын. Чындык бар! Мен өэүмө өзүм чынчыл болууга уруксаат бердим! – программасы ишке кирди


5

Теңчилик, акыкатчылык жок– программасы өчтү

Теңчилик, акыйкатчылык бар. Менин дүйнөмдө теңчилик, акыйкатчылык орноду, тең салмактуулук өзүнүн калыбына келди! Аял-эркек тең укута!-программасы ишке кирди


6

Мага жакшы жашоо буйрубаган– программасы өчтү

Мен жакшы жашоого өзүмө өзүм уруксаат бердим. Жакшы жашоонун ээсимин. Жашоомо ыраазымын! – программасы ишке кирди


7

Кудайдан корком – программасы өчтү

Кудай эч кимди жазалабайт, адамдын «намысы» өзүн өзү жазалайт.Себеби, коркунучу күчтүү. Менин коркунучум өз нормасына келди! Кудай мени сүйөт жана колдойт, себеби кудай менин денем аркылуу өзүн сездирет, себеби, ал энергия, нур, жылуулук– программасы ишке кирди


8

Өлгөндөн корком – программасы өчтү

Мен жашоону тандадым, өлүмдүн бар экендигин түшүнөм жана кабыл алдым. Менин жашагым келет. Мен азыр жашоону тандадым! Ыраазы болуп жашап жатамын! – программасы ишке кирди


9

Уурдап кетпесин -өчтү

Туулгандан жараткандын коргоосундамын. Менин дүйнөмдө уурулук жок, адамдар жетишкен жашоодо жашайт, себеби мен аларга ишенемин! -ишке кирди


10

Алым, күчүм жок -өчтү

Мен күчтүүмүн. Кудайдын күчү ичимде – ишке кирди


11

Жашоо кызыксыз – өчтү

Ар бир көз ирмемде жашоодон ырахат алып жашап жатам. Бул жашоого укмуштарды жаратуу үчүн келгенмин -ишке кирди


12

Аялдар алдайт -өчтү

Аял заты жаратуучу, дүйнөгө сүйүү нурун таркатуучу. Мен аялдарга ишенем, себеби, ал менин ден соолугум – ишке кирди


13

Эркектер алсыз, сөзүндө турбайт – өчтү

Эркектер эң күчтүү коргоочу, жашоого кам көрүүчү. Айтканын өз убагында аткарат. Эркекке ишенүү, өзүмө өзүм ишенүүм -ишке кирди


14

Страница 16 из 20

Обсуждение книги

Войдите, чтобы оставить комментарий.
Сообщение